super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: "Туулган күнүмдө адаттагыдан эрте туруп алчумун, бул майрамды күткөнүмдүн белгиси болчу" дейт 34 жашка толгон ырчы Аскат Мусабеков

 

Мукам үндүү ырчы жана аткаруучу Аскат Мусабеков бүгүн, 20-январда 34 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ал бул күндү аябай күткөнүн айтып, буларга токтолду.

"Негизи эле туулган күн мен үчүн өзгөчө майрамдардын бири. Андыктан бул күндү бала чагымдан бери белгилеп келем. Бир туугандарым дагы балалыгымды эске салып "кичинекей кезиңде туулган күнүңдө адаттагыдан эрте туруп алып, майрамдап баштачусуң" деп айтып калышат. Бул менин туулган күнүмдү чыдамсыздык менен күткөнүмдүн белгиси болчу. Азыр деле ошол адатым кала элек. Атам экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө болгондуктан үйүбүздө дайыма чоң майрам болот. Бул ирет туулган күнүмдү ата-энем менен эмес, досторум менен белгилейм", - дейт ал.

Аскат Мусабеков Ат-Башынын Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1985-жылы туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Анын аткаруусундагы "Аруузатым", "Сүйүү дастаны", "Жамила", "Шириним", "Кара кыз" жана башка ырлар, дастандар элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.

Аскат Мусабеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, эл аралык бир канча сынактардын жеңүүчүсү, "Алтын Шаты" президенттик сыйлыгынын ээси.

Ырчы 2008-жылы кылкыякчы Залина Касымовага үйлөнүп, 5 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткен. Түгөйлөрдүн ортосунда 2 баласы бар.

20-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2019. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ажырашканын баса белгилеш керекби?????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: