super.kg logo

Ырчы Гүлнур Асанова туулган күнүндө "Шашпа" аталышындагы клибинин бет ачарын жасады

 

Салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, ырчы, актриса Гүлнур Асанова бүгүн, 20-январда 31 жашка толду. Ырчы туулган күнүн тар чөйрөдө белгилеп, ага ырчынын сахналаш ага-эжелери, курбулары келишти. Гүлнур Асанова туулган күнгө келген конокторго "Шашпа" аталышындагы клибинин бет ачарын жасады. Эң жакын адамдарынын башын бириктирген ырчы буга чейин туулган күнүн белгилебей келгенин айтты.

"Буга чейин туулган күнүмдү белгилеп, майрам кылган эмесмин. Былтыркы жыл мен үчүн жакшылыктын жылы болду. Жакшы иштерди жасадым, сулуулук салонун ачканга жетиштим. Жаңы чыгармаларды жаздырып, клип тарттырдым. Ошол себептен бул ирет туулган күнүмдү белгилеп, аны менен катар жаңы клибимдин бет ачарын жасайын деп чечтим", - дейт ал.

Бүгүнкү кеченин сыйлуу конокторунун бири ырчынын апасы болду. Ал: "Гүлнур - менин эркем. Балдарымдын ичинен кичүү кызымды өзгөчө жакшы көрөм. Көкүрөк күчүгүмдү бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап атайын Жалал-Абаддан келдим", - деп сезимдерин жашыра албады.

Маалымат үчүн:

Гүлнур Асанова Аксы районунун Кербен шаарында 1988-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал ырдап, дастан айтуудан сырткары “Туңгуюк”, “Курмажан Датка”, “Мезгил жана Алыкул”, "Эгиздер тагдыры", "Кылмыш" тасмаларында роль жараткан.

Ошондой эле "Улуу жибек жолу", "Нооруз-2010", "Нооруз-2011" эл аралык фестивалдарынын лауреаты, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси жана башка сыйлыктар менен сыйланган. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.


кошулду





Ырчы Гүлнур Асанова туулган күнүндө Анжеликадан өзгөчө белек алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.01.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туулган кунун менен.
Өмүрдүн узунун
21.01.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kirgizstan, каалоонун калганы канааа
SUPER.KG видео
22.01.2019. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол ден соолукта бол ата энендин бактысына бар бол!!!
SUPER.KG видео
22.01.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолук, чыгармачылыгыңызга ийгилик,каалаган ой максатыңызга жетиңиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: