super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: "Күйөрмандарымдын куттуктоосу маанайымды аябай көтөрдү" дейт 31 жашка толгон ырчы Ильяз Абдыразаков

 

Бүгүн, 21-январда эстрада ырчысы, көптөгөн хит ырлардын жаратуучусу Ильяз Абдыразаков 31 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Маанайым абдан жакшы. Туулган күнүм менен биринчилерден болуп, үй-бүлөм, бир туугандарым куттукташты. Андан соң сахналаш досторум, санаалаштарым, күйөрмандарым куттуктап маанайымды көтөрүштү. Азыр да куттуктоолордун аягы суюла элек", - дейт ырчы.

Ильяз Абдыразаков Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, ал эми апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген.

Ильяз кичинесинен ыр жандуу болуп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенип жүргөнүн маектеринин биринде айтканы бар. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган. Бир концертте аранжировщик Мирлан Ниязов менен таанышып калып, аны ээрчип шаарга келе берген. Ошентип аранжировка боюнча алгачкы сабактарды ала баштаган. Кийин Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен "Санат" тобунда иштеп, ырдап калат. Топко караганда жеке чыгуу оңой экенин байкап, өз алдынча иштей баштаган. Өз өнөрү менен көптөгөн хит ырларды жараткан Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасында өз ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тараган. Азыркы учурда анын ырларынын көбүн казак ырчылары которуп ырдап жүрүшөт.

Белгилей кетсек, Ильяз Абдыразаков "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировкачысы", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси болгон.

Ырчы 2010-жылы Медина аттуу сулууга баш кошкон. Учурда жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Ушул кезге чейин бир топ эле ыр жараттым. Баарынын тең сөзүн, обонун жатка билем. Ыр жазганда алгач тааныштарыма угузуп көрөм. Аларга жакканда гана теле-радиолорго берем. Мен жазган ырлар хит болсо кубанам. Азыр кандай ырлар хит болорун билбей жатам. Тагыраагы элдин талабын таппай жүрөм. Мурда абдан популярдуу болуп кеткенде ар кандай чакыруулар менен жүрүп, күнүбүз жолдо эле өтүп калган. Ошондо атактуулуктан тажап, атымды, атагымды "өчүргүм" келген. Анда жаш болчу экенмин. Менин "Жаным, ай" деген ырымды бир канча мамлекеттер өз тилине которуп ырдашыптыр. Абдан кубангам, бул мен үчүн чоң ийгилик".
  • "Жубайым балдар менен үйдө. Иштегенге эмес, балдарды караганга убактысы араң жетет. Үйдө балдарым, жубайым баары орус тилинде сүйлөйт, мен эле кыргыз тилдүүмүн".
  • "Ырчылык кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Анткени өзүмдү кеңседе отуруп алып иштеген кызматкер катары элестете албайм".

21-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.01.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оххооо мен Ильяз Абдразаков менен туулган кунум бир кундо болгонуна кубанам
21.01.2019. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото жаш корунот экен 90 жылкы деп ойлопмун.31-жашыныз кут болсун.Эн биринчи апанызды куттуктаныз анткени бир олумдон калып бул дуйного алып келген апаныз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: