Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет деп камакка алынган Хашим Зайналиев бошотулду
Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет деп кармалып, камакка алынган табып Хашим Зайналиев бошотулду. Маалыматты бүгүн, 21-январда анын жактоочусу SUPER.KG порталына тастыктады. Буга чейин соттук отурумдун аяктагандагы видеосу интернетке жарыяланган болчу. Анда табыптын, "буюрса, чыгабыз" дегенин угууга болот. Жактоочу Зайналиевге козголгон кылмыш ишти Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту карап, бүгүн аны камактан чыгаруу чечимин кабыл алганын билдирди.
Маалым болгондой, Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарыгерлик кылуу) боюнча иш козголгон. Кылмыш ишин ачууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазган каты негиз болгон. Жакында эле Хашим Зайналиевдин аракетин колдогон бир нече адамдан турган топ президентке, ички иштер министрине, саламаттыкты сактоо министрине, Октябрь райондук сотунун соту Кымбат Архаровага кайрылуу жолдошкон.
Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.
кошулду
Хашим Зайналиев камактан чыгарылды











1 |