super.kg logo

Жол кырсыгынан Мамэкотехинспекциядагы башкармалыктын 44 жаштагы башчысы көз жумду

 

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Ысык-Көл облусундагы аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мирлан Абдырахманов жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктап, Абдырахмановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы жамаат үчүн оор жоготуу болгонун белгиледи.

Маалыматка ылайык, Абдырахманов кечээ, 20-январда Балыкчы шаарынан Каракол шаарына келе жатып жол кырсыгына кабылган. Ал рулду башкарууну жоготуп, унаасы ала салып кеткен.

Маркум 1974-жылы 28-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Чүй университетин укук таануучу адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги өрт коопсуздугу кызматында өрт өчүрүүчү болуп баштаган. Андан кийин бир катар кызматтарды аркалап, өткөн жылдын март айынан тартып Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз район аралык башкармалыгына башчы болуп дайындалган.

"Мирлан Абдырахманов кайсы жерде иштебесин, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, өзүн мыкты кесипкөй жана иш билги кызматкер катары көрсөтө алды. Анын өтөгөн мыкты кызматы жогору бааланып Бишкек шаарынын Өрт коопсуздугу башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана бир канча алкыштардын ээси болгон. Ошондой эле ал адамгерчилиги эң жогору, ак көңүл, мамилеге так жана бекем, үй-бүлөгө камкор, жогорку маданияттуу кызматкер катары кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2019. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: