super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Фархат Мусабеков: "Ийгиликке жетпей калдык. Акыркы мүнөткө чейин күрөштүк"

 

22-январга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун алкагында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ менен беттешкен. 120 мүнөттүк оюндун жыйынтыгында Кыргыз курамасы 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Беттештен кийин футболчу Фархат Мусабеков менен маек курдук:

- Жеңишке жетүү үчүн эмне жетишпей калды?

- Ийгилик жетпей калды, акыркы мүнөттө соккум дарбазанын таякчасына тийип калды. Негизи оюн жакшы болду. Акыркы мүнөткө чейин күрөштүк. Бирок оюндун аягында ийгилик бизге жылмайбай калды. Биз бул командага каршы даярдыктарды көргөнбүз. Бардык алсыз тараптарын көрдүк. Биринчи таймда өзүбүздүн оюнубузду көрсөтө албай калдык. Атаандашыбыз бир нече чабуулдарды аткарып, өзүнө ишенип алышты. Экинчи таймда жакшы ойноп баштадык. Калыс айрым учурларда туура эмес чечимдерди кабыл алып жатты. Бирок биз аны күнөөлөбөйбүз.

- Биринчи гол киргенде сен бизге киргизген футболчуну карамагыңа алышың керек болчу...

- Мен дарбазанын алыскы бурчуна турушум керек эле. Бирок оюнчу дарбазачыга тоскоолдук көрсөтө баштаганда аны тосушум керек болду. Ал мага караганда чоң экен, ага эч кандай каршылык көрсөтө албай калдым.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.01.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат силерге баарына. ийгиликтин эрте кечи жок.биз силер менен сыймыктанабыз.
22.01.2019. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин курамда эн кучтуу делген оюнчу бул Кичин экен.ушунчалык баа бердим. Бул болбосо кыйын экен бизге
22.01.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modric10,ова эн куччтуу экен бирок акыркы оюнда 2 жолу ката кетирип койду бирок мен учун бизликилер женди
22.01.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар ак шумкарлар намыстуу эл экенин жон багынып бербестигибизди коргоздунор тигилерге 3 кытай кошулуп алыптыр
22.01.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчнерсе эмес)
Мусабековдон да жакшы оюндарды коруп жаттык.
Аман эсен келип алгыла Бишкеке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: