super.kg logo

Бир жылда 200 миңге жакын катталуучу! SUPER TV каналы YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болду

 


SUPER TV
каналы көрүүчүлөрү менен жылдын башталышында жагымдуу жаңылыгын бөлүшөт! Кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталын улай эле SUPER TV'нын YouTube'дагы каналы аз убакыт аралыгында айтарлык жыйынтык көрсөтө алды.

* Коомдогу курч маселелер,

* Жашоонун оор сыноосуна кабылган адамдардын тагдыры,

* Саясат, маданият, спорт жана башка тармакта эмгектенип, аты чыккан атактуулардын маектери,

* Окуяны жеринен түз алып көрсөтүү,

* Деги эле эң актуалдуу видеоматериалдардын топтому камтылган SUPER TV YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болуу менен ар бир катталуучуга каналга кызыгуу арткандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

22-январда YouTube'дун Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өнөктөшү болгон ABT Partners Genesis'тин директору Анвар Давуров каналдын директору Наргиза Талантбек кызына күмүш баскычты тапшырды. Мындай сыйлык каналга катталуучулардын саны 100 миңден ашкандан кийин берилет. Учурда аталган каналга катталгандардын саны 170 миңге жетти. Өткөн жылы эле түзүлгөн каналдын бир жыл ичинде күмүш баскычка ээ болуусу атаандаштарынын арасында өзүнүн бир катар артыкчылыктарынан кабар берерин Давуров белгиледи.

"Бизге сиздер менен иштешүү абдан кызыктуу жана жагымдуу. Сиздер профессионалдык деңгээлде даярдалган материалдар менен айырмаланып турасыздар. Жакынкы убакта SUPER.KG'нин жана SUPER TV'нын YouTube'дагы каналдарына "Алтын баскычты" тапшыруу үчүн келип калам деген ишеничим бар. Эгер мындай жыйынтыкка жетсеңиздер, сиздер кыргыз тилинде миллион катталуучуга жеткен биринчи канал болосуздар. Бул үчүн сиздерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - дейт Давуров.

Ал эми SUPER TV ЖЧКсынын директору Наргиза Талантбек кызы ийгиликтер алдыда экенин айтып, катталуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

"SUPER TV`нын YouTube`дагы каналы ачылганына жыл айланбай 200 миңге жакын катталуучу топтоду. Кароолордо миллионду чапчыган видеолор да бар. Бул биз үчүн жагымдуу көрүнүш. Демек, биз көрүүчүгө кызыктуу, көӊүл ачуучу, маалымат алуучу, пайдалуу видеолорду тартуулап жатабыз. Учурдан пайдаланып ар бир катталуучубузга, ар бир көрүүчүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Биздин команда мындан ары да талыкпастан эмгектенип, жакынкы күндөрү YouTube`дун алтын баскычын да багындырууга аракет кылабыз".

Айта кетсек, SUPER TV'нын YouTube'дагы каналына жүктөлгөн видеоматериал миллионго чейинки кароону топтой алат. Иргелген, ар тармактуу жана объективдүү маалымат менен катталуучуларды камсыздоону максат кылган каналдын жамааты алдыда дагы аракетин күчөтө турганын билдиришти.


кошулду





SUPER TV да YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болду

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
23.01.2019. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той бергиле
SUPER.KG видео
23.01.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуктайм алтын кнопкага жеткиле
23.01.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Силер мыктысынар мен мунот сайын кирип турам SUPER.KG порталына ар дайым бар болгула
23.01.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dastan_nookat,
Саламатсызбы! Ыраазычылык, ар бир окурман үчүн дагы да болсо алдыга умтулабыз!
23.01.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз мен супер-инфо менен 2005-жылдан бери биргемин,14жыл чогуу жашап коюппуз э ((((
23.01.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурда [moderated]ту ×××××койчу элеңер го (((тамаша
SUPER.KG видео
23.01.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, дагы да ийгилик!
24.01.2019. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тез кабар 1 жылда 200мин подписчик топтоду.силерде аз го .
24.01.2019. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А так номер 1 кыргыз басылмасы мен учун.Баардык жанылыкты ушул сайттан окуйм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: