super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ЯНВАРЬ: "Менин чач жасалгам Конституциябызга караганда туруктуу" деген "тамашоучу" Мыктыбек Мукаев 25 жашка толду

 

Бүгүн "менин чач жасалгам Конституциябызга караганда туруктуу" деп тамаша-чын аралаш айткан, "Позитифф" командасынын оюнчусу жана "Жарайт сити" долбоорунун актёру, Мыкы деген лакап аты менен таанылган Мыктыбек Мукаев 25 жашка толду. Ал 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Мыктыбек мырзаны куттуктап байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтып өттү: "Буюрса, маанай жакшы. Эң алгач "Жарайт сити" долбоорунун балдары күтүүсүз сюрприз кылышып, түнкү саат 12ден өткөндөн кийин куттукташты. Негизи туулган күнгө өтө маани берип деле майрамдабайм. Бүгүн деле достор болуп чогулуп өткөрөбүз го дейм", - дейт тамашоучу.

2012-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетине тапшырып, аны 2016-жылы аяктаган. Ал эми 2011-жылдан тарта күлкү дүйнөсүнө аралашып, университетте окуп жүргөндө орус тилинде өтчү КВНде ойноп баштайт. Кийин кыргыз тилдүү оюндарга катышууну чечип, "Тамашоу" долбоорунун 5-сезонуна "Политех" курама командасы менен чыгат. Кийинки сезондордо ошол учурда тарап кеткен "Позитифф" курама командасын Актан Рыскелдиев менен кайра негиздеп, ойной башташкан.

Бирок Мыкыны ТНТ каналындагы "Камеди баттл" шоу берүүсү тааныткан десек туура болот. Анда Мыкы жарым финалына чейин жетип, калың элге таанылган.
Мыктыбек Мукаев 2018-жылы "Эң Мыкы шоу" аттуу көңүл ачуучу көрсөтүүсүн негиздеген.
"Учурда алдыдагы долбоорлорду ишке ашырууну көздөп, иштеп жүрөм", - дейт тамашоучу.
23-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: