super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет тартылган фантастикалык "Жетикс" тасмасы чоң экрандан көрсөтүлдү

 

Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет тарбиялык маанидеги фантастикалык тасма тартылып, чоң экрандан көрсөтүлдү.

Тасманын аталышы - "Жетикс"

Режиссёру - Сүйүн Откеев

Бет ачары - 23-январь, "Манас" кинотеатры

Тасмадагы башкы каармандардын ролун жараткандар - Санжар Мирбеков, Айвара Алмазова, Байэл Чаткалбай уулу, Максат Агабеков, Арайлым Кеңешбекова, Эмир Адиев, Болот Шамшиев, Бусурманкул Одуракеев, Эркин Эгембердиев, Мээрим Атантаева

"Тасманы көргөндөн кийин ата-энелер балдарына мээримин төгүп, сүйүүсүн тартуулап турушу керек экендигин түшүндүм. Мээримге, сүйүүгө муктаж балдар-кыздарды башка планетага алып кетүү үчүн уурдап кетишти. Ошондо ата-энелер өздөрүнүн катачылыгын түшүндү", - дейт тасманы көрүүгө келген өспүрүм.

Тасма миграция маселеси, жарым-жетим балдардын турмушу сыяктуу коомдогу актуалдуу маселени баяндайт. Балдардын айрымдары алыстагы ата-энесине куса болсо, кээ бири туугандарынын колунда калып, сезимдердин улуусу болгон сүйүүгө муктаж. Режиссёр бул тасмасы аркылуу чоңдорго да, балдарга дагы тарбия бергиси келгенин айтат.

"Коомдогу актуалдуу маселени фантастика аркылуу чагылдыргым келди. Интернеттин күнүмдүк жашообузга келиши менен балдарга тарбия берүү, аларга мээрим төгүү, сүйүү деген милдеттерден алыстап баратабыз. Дагы бир маселе - миграция. Балдарыбызды ишенип таштап кеткенибиз менен, кандай маселелерге дуушар болуп, коомдо өгөйлөнүп жатканын биле бербейбиз. Балдардын ачык айта албаган, ичине каткан үндөрүн тасма аркылуу бердик", - дейт Откеев.

"Жетикс" - мээримге зар балдарды сезимсиз планетадан келгендер тарабынан уурдалышы жана аларды куткаруу тууралуу тасма. Анда дайынсыз жоголгон балдарды жогорку күчкө ээ 5 бала кантип куткарып, сезимсиз планетаны жок кылганы баяндалат.






Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет тартылган фантастикалык "Жетикс" тасмасы элге тартууланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.01.2019. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасманын аталышы жеткис деп жазып коюптурго
24.01.2019. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бунун кинолору фигняго дайыма Эле
SUPER.KG видео
24.01.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жин Мэн дегенчи
SUPER.KG видео
28.01.2019. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы, аябай кызыгып жаттым эле, Кудай буюрса шаарга барганда көрөм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: