super.kg logo

Бишкектин жашоочусунан 2 миң 500 доллар алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармалды

 

Бишкектин жашоочусунан 2 миң 500 доллар алып жаткан жеринен милиция кызматында иштеп жаткан бир адам жана мурда милиция кызматында иштеп кеткен 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-январь күнү Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну андан опузалап 3 миң доллар талап кылып жаткан милиция кызматкерлерине карата чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Ал арызында милиция кызматкерлери бул үчүн ага карата жазылган арыз боюнча кылмыш ишин козгобой турганын айтышканын жазган.

"Ички иштер министрлигиндеги Ички чалгындоо кызматы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте кечээ, 24-январда 2 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен 3 адамды кармады. Анын бири 30 жаштагы Е.А. Бишкек ШИИББинин криминалдык кызматындагы кызматкер. Экинчиси 36 жаштагы Н.У. ИИМдин мурдагы кызматкери, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып акча талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал эми үчүнчүсү 38 жаштагы Ж.Т. Ленин РИИБинин мурдагы кызматкери, алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн. Учурда бул боюнча тергөө, иликтөө иштери улантылууда. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери да жүрүүдө. Ал эми жогорудагы 3 адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат.

Ошондой эле маалыматта бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгону жазылат.

"ИИМдин ички чалгындоо кызматы укук коргоо органдарында иштеп туруп мыйзам бузуп, ИИМдин аброюн түшүргөн кызматкерлерден тазалануу ишин улантат", - дейт маалымат катчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.01.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кандай акмактар эми? Бир жагынан камап, тыгып атышат, бир жагынан жарылып кетпей жеп атышат. Пара алгандардын колдорун кесиш керек болчу...
Kattaldym түзөттү 2019-01-25 11:36:33
25.01.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип эле издоодо жургондор Бишкекте журуп эле кармалышпайт,жонокой адамдар [moderated]ка чыгып суйлоп койсо таап алышат го
25.01.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оштогу паракор милицияларды качан текшересиздер?Баары бири-бирине тууган алар.
25.01.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялардын чыныгы жүздөрү эми ачылып жатат. Демек президенттин коррупция менен күрөшүү иштери жакшы жүрүп жатат деген ойдомун.
28.01.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеле зектер качып кетип жатат десе кептин баары мында турбайбы.депутат чиновниги да ушинтип эле параны берип качып кетип жаткан турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: