super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ЯНВАРЬ: Атактуу, акчалуу болгондо өз ата-энеси издеп келген түштүк кореялык “JYJ” тобунун ырчысы Ким Жэжуң 33 жашка толду

 

Кытайдын "Синкун Вейши" каналынын версиясы боюнча “Азиянын эң сымбаттуу эркеги” аталган түштүк кореялык “JYJ” тобунун ырчысы Ким Жэжуң 33 жашка толду. Ал Түштүк Кореядагы Конджу шаарында 1986-жылы 26-январда төрөлгөн. Ал кезде Хиронун (өз аты) атактуу адам болорунан кабары жок апасы таштап кетет. Бактыга жараша аны Ким аттуу үй-бүлө багып алат. Ошондон кийин анын аты Ким Жэжуң болуп өзгөргөн. Ал 16 жашында Сеулга SM Entertainment агенствосунда өтө турган уктурууга катышуу үчүн сапар тартат. Бирок жаңы жашоо ага кыйынчылык менен башталат. 150 миң вон ижара акысын төлөө үчүн бардык жумушка иштечү.


Ырчылыктан сырткары Ким Жэжуң композитор, актёр жана подиумда модель катары басуу менен алектенет.

Ал эми тасма талаасындагы биринчи кадамы 2004-жылы "38-параллель" тасмасынан башталган. Мында ал аскер кызматкеринин ролун аткарган. Ал эми тасмадан алган акчасына сагыз сатып алып, кайра аны дүкөн иштеткен адамга саткан. Андан кийин ал "Асмандан келген катчы", "Кожоюнду коргоо" жана "Дарыгер Жин" жана башка белгилүү сериал жана тасмаларда роль жаратууга жетишкен.

2006-жылы Жэжуң атактуу болгондон кийин анын өз апасы пайда болот. Ошондо анын асыранды бала экендиги баарына маалым болгон. Жэжуң апасын кучак жая кабыл алган. Ал анын эки апасы бар экендигин кубануу менен айтып келет. Андан аз өтпөй убагында баласынан баш тартып, баласы чоңоюп атактуу, акчалуу болгондо издеп келген атасы Ким Жэжуңдун багып алган ата-энесинин үстүнөн "уулумду мыйзамсыз тартып алган" деп арыз жазып сотко кайрылат. Анысы аз келгенсип компенсация талап кылган. Бирок кийин Жэжуң төрөлгөн учурда ал жубайы менен ажырашканы жана аталык милдетин аткаруудан баш тарткандыгы маалым болгон.

Ким Жэжуң “JYJ” тобунун башкы вокалисти. Ал топтогу балдарга музыкага байланыштуу критиканы көп айтып турат. Музыкадан сырткары ал ашканада да мыкты. Топтогу мырзалардын улуусу болгондуктан аларга дайыма тамак даярдап берет.
Пластикалык операциядан Ким Жэжуң да айланып өтө албаган деп айтылат. Ал пластикалык операцияга мурдун жана көзүн жасатуу максатында бир эмес, бир нече ирет кайрылган делет.
26-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
26.01.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул 33 жашка толсо биз эмне толк?
26.01.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ото эле майдаланып кеттинер
26.01.2019. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кем жун шен жун, бизге кызыгы жок, тааныбайт экем
26.01.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздарга окшош экен. Тааныбай эле койолчу кызга окшогондорду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: