super.kg logo

Орусиянын Третьяков сүрөт галареясынан миллион долларга бааланган картина уурдалды

 
Орусиялык сүрөтчү Архип Куинджинин калемине таандык картина Третьяков сүрөт галареясынан белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, "Ай-Петри. Крым" картинасы сүрөт көргөзмөгө келген адамдардын көзүнчө уурдалганын күзөт кызматкерлеринин бири байкап калган.
"Кылмышка шектүү делген адамдар жогорудагы картина үчүн келгени айтылууда. Себеби "Ай-Петри. Крым" картинасын уурдоо кыйынчылыкты жаратпай турган жерге илинген. Айрым маалыматтарга караганда, бул картина аукциондо болжол менен миллион долларга чейин сатыла турганы айтылууда", - деп жазылат маалыматта.
Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Уурдалган "Ай-Петри. Крым" картинаны сүрөтчү Архип Куинджи 1898-1908-жылдар аралыгында тарткан. Ал эми Ай-Петри тоосу - Крым жарым аралынын символу болгон эң кооз жерлердин бири.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.01.2019. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атандын кору дунуйо десе. Биз кундо живой коруп эле жургон тоолор ушундай акча болсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: