super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ЯНВАРЬ: "Таңкы саат 6 жарымда кызым "ата, туулган күнүңүз менен" десе жүрөгүм эзилип, көзүм жашылданып кетти" дейт 51 жашка толгон ырчы Ырыскелди Осмонкулов

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 51 жашка толду. Ырчы мырза Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын кичүүсү.


Ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда буларга токтолду:

"Алгач жубайым куттуктады, андан кийин кызым таңкы саат 6 жарымда жаныма келип, "ата, туулган күнүңүз менен" десе жүрөгүм эзилип, көзүм жашылданып кетти. Быйыл дагы адаттагыдай эле бильярд боюнча турнир өткөрөбүз. Бирок жылдагыдан айырмаланып быйыл достор арасында гана өтөт. Башкача айтканда, маалымат каражаттарынан эч кимди чакырган жокпуз. Себеби айрым досторубуз сүрөткө, видеого түшкөндү жактыра беришпейт. Турнирде кадимкидей баш байгеге баалуу белектер коюлат".


Ырыскелди Осмонкулов 2-класстан кийин Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, ал жактан Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Музыкалык мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган.

Ырыскелди Осмонкулов 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап, “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ыр менен эл алдына чыккан. Ал эми 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкен.
Ырыскелди Осмонкулов бир нече эл аралык сынактарда Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп, желегин желбиреткен. Ал эми 2003-жылы өлкө башчыбыздын жарлыгы менен “Эмгек сиңирген артист” наамы, 2017-жылы "Даңк" ордени менен сыйланган.

Ырчы 19 жашында Райгүл аттуу айымга үйлөнүп, 20 жашында уулдуу, 21 жашында кыздуу болгон. Тилекке каршы, жубайлар 23 жыл чогуу түтүн булаткан соң ажырашып кетишкен. 2008-жылы Гүлзана аттуу айымга баш кошуп, учурда жубайлар 1 уул, 2 кызды тарбиялап келишет.
"Учурда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата оркестр багытындагы "Улуу дүйнө" , "Акбаранын көз жашы", "Эне колу" жана "Өскөн жер" ырын трио ырдадык. Алдыда "Өскөн жер" аттуу ырыбызга бир жыл бою клип тартканы турабыз. Себеби аталган клипте төрт мезгилди чагылдырабыз. Буюрса, ушул жылдын аягында даяр болот",- дейт ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: