Жалал-Абадда эки тургундун жанынан 5 килограмм гашиш жана жарым миллион сомдон ашык акча табылды



Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки тургундун жанынан 5 килограммдан ашык гашиш менен жарым миллион сомдон ашык акча табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, алар ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан атайын жүргүзүлгөн операция учурунда колго түшкөн. Кармалгандар Жалал-Абад облусунун 1989-жылы туулган Ш. уулу И. жана 1990-жылы туулган К. уулу Т. аттуу тургундары болушат.
"Өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 5 килограмм 415 грамм гашиш жана жарым миллиондон ашык акча каражаты табылган. Азыркы учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп кабарлашты ИИМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Romantik.

28.01.2019. 20:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатып коюптур да ээ
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.