Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүнөн баш тартып жүргөн ишкананы аныктады. Андан келтирилген зыян 14 миллион 203 миң сом
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери "Е.Г." ачык акционердик коому бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартканын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарланды.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында "Е.Г." ачык акционердик коому тарабынан кошумча нарк салыгын төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 14 миллион 203 миң 841 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.