Баткенде жер силкинди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Бүгүн, 29-январь күнү саат 12:16да Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталып, күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында 3 баллга, Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.