Алай районунда мектеп окуучулары көмүрдүн исине ууланды. Учурда 7 бала ооруканада жатат
Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылында мектеп окуучулары көмүрдүн исине ууланды.
Ош ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, аталган айылдагы мектеп көмүр жагып жылытылат. "Бүгүн, 29-январда саат 17:30дар чамасында сабак өтүп жаткан учурда бир класстын ичинде 14 бала өзүн жаман сезип, алар облусттук ооруканага жеткирилген. Класстын ичинде 25 бала болгон. Учурда 7 окуучу ооруканада. Калган балдарды милиция кызматкерлеринен, дарыгерлерден турган топ үйлөрүн кыдырып текшерип жатат. Балдардын абалы жакшы. Азыркы тапта текшерүү иштери жүрүүдө", - деп билдирди.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.