super.kg logo

Бишкекте аялдын видеосун интернетке жарыялайм деп акча талап кылган мурдагы милиция кызматкери кармалды

 

Бишкекте аялдан видеосун интернетке жарыялайм деп акча талап кылган мурдагы милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, кармалган адам 2018-жылдын башында милиция кызматынан айдалган.

"28-январь күнү Ж.Н. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Арызда Ж.Н. Каныбек аттуу милиция кызматкери анын катышкан видеосун интернетке жүктөй тургандыгын айтып, 20 миң сом акча талап кылганын көрсөткөн.

Арыздын негизинде иликтөө иштери дайындалып, 29-январь күнү талап кылган суммасын алып жаткан жеринен Ы.у.К. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн сержантына таандык кызматтык күбөлүк табылып, териштирүү иштеринин жыйынтыгында Ы.у.К. 2018-жылдын башында терс мүнөздөмөлөрү үчүн кызматынан бошотулганы аныкталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле анын үстүнөн кызматтык иликтөө башталды", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.01.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арам оокат аш болбойт экенин унутуп калганго
30.01.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызматтан айдалса күбөлүгүн алып коюшпайбы
30.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bessmertiy,башка сержантын кубөлүгү менен жүрөт экен
30.01.2019. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камаш керек сразу
31.01.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялар кылмыш көп кыла баштады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: