super.kg logo
  Саясат  

Депутат КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнө талапкер Атыркүл Сарыбаевага: "Бүгүнкү талаш-тартыштын бардыгы сиздин айыңыздан болуп жатат. Муну убагында тарых айтат"

 

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер Атыркүл Сарыбаевадан мурунку шайлоого катышып, канчанчы орун алганын сурады.

Сарыбаева өтпөй калганын айтты.

Момбеков: "2018-жылы апрель айында сиз мындан мурунку шайлоого катышып акыркы орунду алгансыз. Бүгүнкү талаш-тартыштын бардыгы сиздин айыңыздан болуп жатат. Муну убагында тарых айтат", - дейт.

Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.

Депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылды. Кайрадан добуш берүү маселеси каралып жатат.

Интернетте Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөн деген маалыматтар тарап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: