super.kg logo

Ырчы Азалиядан ыр талашты делген Айзада Болотбекова: "Мен ал ырды уурдаган эмесмин, радиолордон алдырайын деген оюм да жок"

 

Айзада Болотбекова"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары таанылган Азалия өткөн жылдын сентябрь айында жаздырган ырын учурда башка бирөө жаңы сөз жаздырып алып ырдап чыкканын айтып, SUPER.KG'ге кайрылган. Бүгүн ал ырды ырдап чыккан Айзада Болотбекова аттуу ырчы редакциябызга келип, ырдын обонун жана аранжировкасын жазып берген Азамат Такырбашев байланышуудан баш тартып жатканын айтты.

"Жаралган жагдайга Азалияны деле күнөөлөп жаткан жокмун. Ал деле ырды сатып алды да, мага окшоп убактысын коротту, чуркады дегендей... Мен дагы бул ырга аранжировкага 300 доллар, студияда үн жаздырууга 5000 сом жана сөзүнө 5000 сом, кыскасы майда-чүйдөсүнө деп эле бир топ каражат кетиргем. Мен бул ыр аркылуу шоу чөйрөгө дебют жасап, кадам таштагам. Азалия менин ырымды радиолордон жана каналдардан алдыр деп жатат. Мен ал ырды уурдап алган жокмун, акчасын берип сатып алдым. Ошондой эле ырды эч жактан алдыра албайм", - деди Болотбекова.

Талашка түшкөн ырдын жаратуучусу Азамат Такырбашевге да байланыштык. Ал бул боюнча өз пикирин айтып, катачылык кеткенин моюнга алды. Азалия

"Мен эч кимисинен качкан жокмун. Болотбекова менен бүгүн эле жолугуп, сүйлөшүп, бир пикирге келишип, мен ага башка ыр жазып бермей болгом. Ырды биринчи жаздырып ырдап чыккандан кийин ал Азалияда эле калмак. Ооба, башында Азалия менден обон жазып берүүмдү өтүнгөндө 2-3 вариант сунуштагам. Арасынан ушуну тандап, ага аранжировка жасаганымды эстен чыгарып коюптурмун. Кийин Айзада келгенде бул обондун сатылып кеткенин унутуп коюп, жазып бере бериптирмин. Экөө ырдаган ырлардын 1-куплетинин обондору окшош чыгып калыптыр. Ал эми экөө эки башка сөздөрдү жаздырып алышкан. Кыздар менен бир пикирге келишкенбиз деп ойлойм. Аларга иши кылса пиар керек болуп жаткан окшойт", - деди Такырбашев.

Азалия аткарып жүргөн "Алыстадым" аттуу ырдын сөзү Тимур Салиевге, обону Азамат Такырбашевге таандык. Ал эми Айзада Болотбекова ырдап чыккан "Арноо" аталышындагы ырдын сөзүнүн автору Санаа Кирекеева, ал эми обонунун автору Азамат Такырбашев.


кошулду





 
 Кыстарылган аудио 

Азалия "Алыстадым"

Айзада Болотбекова "Арноо"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
30.01.2019. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Экоотен угатурган эмес
30.01.2019. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ортодо бир ырын эки жолу сатып жыргаптыр да такырбаш
30.01.2019. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Такыр эле ырдан мукурап жатсанар Чыпалак баатырдын ырларынан ырдап чыккыла.
30.01.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02,
30.01.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул эки кызга конул учун дос, туугандары гана куйорман болбосо эчким деле укпаса керек ырларын. Ашык боло турган сулуулугу деле, уну деле жок экен. Албетте аракет дечи ошентсе да....
30.01.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Water,Азалия красавица экенго диванда жатып алып доорубочу!
30.01.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Hit yrdy talawyp jatkansyp 2 kundon beri superden ketpei kalywty go,
30.01.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Такырбашов сен озун пиар кылып жатасынго дейм! Кимиси сулуу акчалуу болсо ошого сатыла бергендей!
30.01.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчи кыз үнү тазараак экен.Азалия отстой..
30.01.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талаша турган деле ыр эмес экен го.
30.01.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Койгула эми.Азамат акчаларын кайтарып бер экоонун тен.Экоо тен алдырышсын ырларын.Эч ким кайгырбайт.
31.01.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жон кое бергиле экоонор тен эч жактан алдырбай эле койгула. Талаша турган деле ыр обон эмес го бул жагымсыз экен. Уккулуктууу эмес. Радиодон бир эки жолу жанырып калат да. Ии баса Азалия эртереек ырдаган турбайбы хит болсо ушул убака чейин болмок да. Негизи эле Азалиянын био да норм ырлары жок. Тиги Айзадабонунун деле кыйраткан уну жок го. Озу К.Р эстрадасына лицензия менен ырдатса жакщы болмок. А то баарыле уну бары да жогу да ырчы болом деп мен эле калдым окшойт ырдабаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: