Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Жабырлануучулардын биринин абалы оор
Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-январда саат 16:00 чамасында болгон.
"Анда Nissan Рrimera үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, ошол эле багытта бара жаткан DAF XF95 430 жүк ташуучу унаанын ортоңку сол дөңгөлөгүн сүзүп, жол четине чыгып токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда жабырлануучулардын бирөөсүнүн абалы оор", - деп билдирет жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.