Москвада көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады




Москвада көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Белгилүү болгондой, Москванын Никитский бульварында жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт 4-февралга караган түнү саат 3төр чамасында чыккан. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону өчүрүүгө болгон аракетин жумшоодо. Өрт чектөөгө алынган.
"200 чарчы метрден башталган өрт учурда 2 миң чарчы метр аянтты жалмады. Көп кабаттуу үйдөн 41 адам эвакуацияланды. Өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз бойдон калууда. Жалпы санынан бул көп кабаттуу үйдө 100дөн ашуун батир жайгашкан. Имарат 1912-жылы курулган", - деп жазылат маалыматтарда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Skarlett-Skarlett

04.02.2019. 09:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россияда кырсык болсо кадимкидей журогум ооруйт,кантсе да биздин экинчи мекенибиз.Тынчтык болсун ылайым!
bond02

04.02.2019. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Центрде болуп калабы ошондо?
Umersam

04.02.2019. 12:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Метро Арбатка жакын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.