Чүйдө 57 жаштагы киши өрттөн чыккан түтүнгө ууланып каза болду
Чүй облусунда 57 жаштагы эркек киши өрттөн чыккан түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Боролдой айылындагы Жээнбеков көчөсүндө 4-февраль күнү саат 18:00 чамасында турак үйдүн бөлмөсүнөн өрт чыккан. Кырсык болгон жерде 1961-жылы туулган О.И. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттөнгөн бөлмөнүн аянты 3 чарчы метрди түзүп, анын себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон. Өрт саат 19:00 чамасында толугу менен өчүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.