super.kg logo

Бейонсе эттен баш тарткан күйөрмандарын концерттерине өмүр бою бекер киргизет

 

Белгилүү америкалык ырчы Бейонсе уюштурган сынактын талабын аткарган адам ырчынын концерттерине өмүр бою бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Бейонсе жеке баракчасына сынак уюштурган. Аталган сынактын талаптары жөнөкөй угулганы менен, иш жүзүнө аткаруу татаал. Себеби сынакка катышууну каалагандар бекер концертке кирүү үчүн эттен баш тартып, вегетариандардын катарын толуктоосу керек.

"Сынактын талабын ар бир катышуучу аткарып жатабы, аны эч ким текшере албайт, бирок Бейонсеге калп айтуу жакшы эмес, туурабы?" - деп жазылат маалыматтарда.

Бейонсе уюштурган сынакка 18 жаштан жогору америкалыктар катыша алышат.

Эске салсак, ырчы айым менен жолдошу Жей Зи экөө 2013-жылдан тарта вегетариандардын катарын толукташкан. Ал эми 2015-жылы Бейонсе машыктыруучусу менен биргеликте этсиз тамактарды жеткирип берүү боюнча сайт ачышкан. Аталган сайт 22 күн ичинде туура тамактануу жолуна түшүүгө жардам берет. Бул тамактануу жолу аркылуу ырчы ашыкча салмактан арылгандыгын айтып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
06.02.2019. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этко оло тоюп барып эт жебедим деп олумуш болуп кире берсе болот экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: