"Пенсионерди унаасы менен сүзүп өлтүрдү" деген шек менен Алай районунун тургуну камакка алынды
Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери 21-ноябрда Алай районунан У.А. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга отургузушту. Аталган адам "19-ноябрда унаасы менен Ош шаарында бир аялды сүзүп өлтүрүп, аны талаага алып барып таштап качып кеткен" деген шек менен кармалды. Ош шаардык ИИБи билдиргендей, аталган У.А. аттуу адам Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынын Исанов көчөсүнөн 60 жаштагы Ош шаарынын жашоочусу Н.С. аттуу адамды сүзүп кеткен. Кырсыктан кийин жабыркаган аялды унаасына салып алып, Ош шаарынан 4 чакырым алыстыктагы Шарк айылынын аймагына алып барып таштай качкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.