Орусияда кыргызстандыктарды тоноп жүргөн жалал-абаддык 7 жаран кармалды
Кыргызстандын жана Орусиянын укук коргоо
кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ишинин натыйжасында Алманбет Анапияевдин
уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда
маалымат жыйынында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн
жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Айтымында, ал топко кирген 7 жаран
Жалал-Абад облусунун тургундары. “Алар 7 жыл бою эл аралык издөөдө жүрүшкөн.
Москвада алар кыргызстандыктарды уурдашып, токойго алып барышып, аларды тоноп
жүрүшкөн. Учурда аларды экстрадициялоо тууралуу маселе каралууда”,- деди ал.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
1

Бирок чет жерде жердештерге зулумдук жасашкан жердештерим(аларды тааныбайм албетте,тааныгым да келбейт)мыйзам чегинде жаза алууларын каалайм!!!