super.kg logo

Димаш Кудайбергенов Америкада өтүп жаткан "The World's Best" сынагында өзгөчө диапазону менен калыстарды таң калтырды

 

Казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайбергенов Америкада өтүп жаткан "The World's Best" таланттар сынагына катышууда. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Белгилүү болгондой, аталган сынакта Димаш Кудайбергенов калыстарды өзгөчө диапазону менен таң калтырган. Ырчы сынакта "S.O.S" аттуу чыгарманы аткарып жаткан учурда угармандар, калыстар, эксперттер кол чабуулар менен туруп алып угушкан. Башкы үч калыстын бири ырчы Фэйт Хилл жана актриса Дрю Бэрримор ырчы мырзага эң жогорку саналган 50 баллдан берген. "Дүйнө дубалы" аттуу 50 дүйнөлүк искусство адамдарынан түзүлгөн топ Димаш Кудайбергеновдун аткаруусуна 48 деген баа берген. Алардын арасынан даниялык жана улуу британиялык 2 калыс добуш берген эмес.

Актриса Дрю Бэрримор Димаш Кудайбергеновдун аткаруусу боюнча өз оюн билдирген:

"Эгерде сенин аткарууңду көзүмдү жумуп уксам болжол менен сахнада 8-10 ырчы бар деп ойломокмун. Себеби сенин бирде рок, бирде опера ырчысы боло алган талантың бар экен. Бир адамга мынчалык талант кантип батты болду экен?" - деген.

Эл аралык сынактарда дайыма байгелүү орундарга ээ болуп келген, акырындык менен дүйнөгө таанылып жаткан Димаш Кудайбергенов: "Мен биринчи ирет сахнага чыкканда болгону 2 жашта элем. 20 жылдан бери профессионалдык деңгээлде музыкалык билим алып келем. Бул сынакка чейин эки жарым миллиард көрүүчүнүн алдында ырдагам. Мен АКШда биринчи ирет сынакка катышып жатам. Көрүүчүлөргө чыгармачылыгымды жана жүрөгүмдү арноого даярмын", - деген.

"The World's Best" таланттар сынагынан үзүндү.

Эске салсак, ырчы "S.O.S" чыгармасын Кытайда өткөн сынакта дагы аткарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.02.2019. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коз тийбесин ото таланттуу жигит.Сейрек уну жана бой келбети сахнага куп жарашкан ырчылардын бири.Дагы алдыдагы коп жетишкендиктерге жетишип журо бер казак тууган!!!
07.02.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча сулуу бала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: