super.kg logo

Ырчы Нурбек Савитахуновдун уулу жардамга муктаж

 

Убагында кыргыз эстрадасында "Малышка Би", "Беги за ней" ыры жана "Жатакана" сериалындагы ролу менен таанылган ырчы Нурбек Савитахуновдун уулу жардамга муктаж. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына чыгармачылыктан алыстап кеткенинин себебин түшүндүрүп жатып жазган.

"Бир нече жыл мурун чыгармачылыктан алыстап кеттим. Мунун жүйөлүү себептери бар. 2015-жылы жубайым Альбина (ред. Альбина Бейшембиева) экөөбүз тун наристелүү болуп, ага Артур аттуу ысым ыйгарганбыз. Уулубуз 6 айынан тарта жапайы жана үй жаныбарларынын аттарын билип, 2 жашында тамга таанып, санаганды үйрөнүп алган. Жер-жемиштердин аттарын атап, мен билбеген геометриялык формулаларды айтып, эки тилде эркин сүйлөшө алчу. Ырларды да дал өзүндөй кылып аткарып койчу. 2-уулубуз Алан төрөлгөнгө чейин Артур бат-баттан ооруп, түнү бою уктабай, ачуулуу болуп, адамдын көзүнө тик карабай, атынан чакырсаң дагы маани бербей калды. Ал түшүнүксүз тилде сүйлөп, түз жерден кулап, жерге жатып, колуна тийген нерсени жегенге өттү. Эч нерсеге кызыгуусу жок болуп, коркуп, коргонуу инстинкти жоголду. Артур өзүнүн дүйнөсүндө, өз кызыгуулары менен алек болуп калган. Бирок ал бизге муктаж болгон кезде ар дайым жанында болдук. 3 жашка чыкканда дарыгерлер ага аутизм синдрому деген диагноз коюшту. Жубайым экөөбүз болгон күч-аракетибизди жумшап, дарылоого кириштик. Артурдун чоң энелеринин жардамы менен дарылануусуна 13 миң доллар каражат кетирдик. Буюрса, уулубузда жакшы өзгөрүүлөр бар. Бирок толук кандуу калыбына келүүсү үчүн дагы убакыт жана каражат керек. Учурда уулубуз үчүн ар бир күн , ар бир саат маанилүү. Биз Артурду толук айыктыруу үчүн 18 айлык реабилитация борборунан дарылануубуз кажет. Буга 45 миң доллар талап кылынат. Андыктан кол сунган адамдардын ар бирине Альбина экөөбүз ыраазы болобуз. Биздин аракетибиз жана силердин айкөлдүгүңөр менен уулубуз айыгарына ишенебиз", - дейт Нурбек Савитахунов.

Түгөйлөр 2014-жылы баш кошуп, 2015-жылы Артур аттуу уулдуу болушкан. Ал эми актриса Альбина Бейшембиева "Сүйө бил", "Мурас сыры" аттуу тасмаларда роль жаратып эл оозуна алынган.

Артурга жардам берүү жолдору:

- paypal.me/arthurstreatment

- Яндекс.Деньги: 4100 1746 8639 378

Алуучу банк: "Сбербанк", Орусия
Алуучу: Савитахунов Нурбек Жылдызбекович
Картанын номери: 4276 3801 2374 2038
Эсеп номери: 40820 810 9 38053102469
БИК: 044525225
SWIFT: SABRRUMM
Correspondent Account: 30101810400000000225
KPP: 773601001
INN: 7707083893

Алуучу банк: ОАО "Оптима Банк", Кыргыз Республикасы
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Эсеп номери: 1091 8220 0018 0171
Картанын номери: 4169 5853 4927 2699
БИК 109018

Алуучу банк: "РСК Банк", Кыргыз Республикасы
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Эсеп номери (номер белгиси): 000001617718
Картанын номери: 4724 1489 9136 5721

Алуучу банк: "KICВ Банк", Бишкек шаары
Алуучунун эсеби: 1280096052819310 (сом)
Бейшембиева Альбина Уланбековнанын атына

ЭЛСОМ капчыгы 0555313770 KICB`ге байланган.

Demir Bank, Albina Ulanbekovna Beishembieva
Beneficiary account: 1180000120508562 USD
Beneficiary BANK SWIFT - DEMIKG22

Алуучу банк: "Демир Банк"
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Алуучунун эсеби: 1180000120508461 (сом)
БИК: 118005

Картанын номери: "Демир Банк": 4215 8901 1028 5902
Алуучунун аты-жөнү: Albina Beishembieva






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(27)
08.02.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Айыгып кетсин, Аллазым шыпаасын берсин.
08.02.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Аллахым шыпаасын берсин.Мен аутизм балага сабак берип келем чет олкодо.Бала такыр суйлой да алчу эмес,тушунуксуз суйлочу.Ноль болчу,оюн да ойногонду билчу эмес.Азыр 1 жыл болду башка балдар сыяктуу ойногонду уйроттум,суйлой алат кадимки балдар сыяктуу.Дары колдондурбай койгом. жакшылап ага конул болуп,аны коп нерсеге уйротсо болот.Буюрса бала тамгаларды таанып калды.Эмне дейт элем,балага жакшылап конул буруп бул аутизмден азда болсо айыктырса болот.Негизи акча дары докторлор жардам бере албайт
08.02.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Feijipiao,кандай метод менен сабак бердиниз? Мындай балдар негизи эч нерсеге көңүл бурбай, өздөрү менен өздөрү болуп жүрө беришет го
09.02.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jazdyn_tany,ал учун сабыр керек.2 ай конул буруусу учун аракет кылдым.Такыр оюнга кызыгуусу жок,жерге жатып алып озу менен озу кулот,тукуруп ошону карап жатат.Анан оюн курдум,оюнда бир уй булонун толук эмне кылгандарын унумду чыгарып озум ойноп баштадым.Бир аз конул буруп баштады.Кыскасы озум ойноп баштадым,бара бара ал келип оюнга кошулду.Бара бара сурот сызууга оттук.Тусторду уйротуп баштадым.Бирок...апасы жанында болсо эркелеп калат.Ошого бир жакшы мугалим болсо ошол жетет.
09.02.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Feijipiao,Анандагы эч кандай дары,доктор,акча бул ооруга жардам бербейт.Жон эле убакытты откозуп доктордон докторго алып барыштын кереги жок.Себеби бул оорунун дабасы жок,ошону аутизм балдары бар уй було билет.Болгону жакшылап ал балага конул буруп,анын жанында дайыма кулуп,созго тартууга,оюн курууга аракет кылыш керек.Ачыгы бул иш ото кыйын бирок,аракет кылса бир аз болсо да озун таанып,коп нерсе уйроно билиши мумкун жашоодо.Крга барганымда буюрса аутизм балдарды барып уйроном,кором
11.02.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feijipiao, сиз бул тармакта тушунугунуз бар экен, жогорудагы балага жардам берип койсонуз болобу, озунуз айткандай ата энеси азапка тушуп жатышат да.
11.02.2019. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feijipiao,

tuura aitasyz, bul ooru tubasa torolgondo le organizde bolgon ooruu eken bul oorunu daaryloo jolu akcha menen emes, suiloshuu , tushunduruu,oinotuu, jinine tyiboo, kyldat mamile kyluu, menen gana daryyloogogo bolot eken.
12.02.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feijipiao,менин иниме да аутизм деп диагноз коюшкан.6 жашында. мумкун болсо ватсап номеринизди берсениз сизден кененирээк сурап алайын деген суроолорум бар эле. рахмат алдын ала
08.02.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баласына коз тийбедиби экен? Акылдуу бала болчу экен Аллахым шыпасын берсин
08.02.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шыпаа берсин,б алким коз тийгендир
08.02.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым шыфаасын берсин ылайым
08.02.2019. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым озу колдосун жакшы болуп кетсин бактылуу балалыкта чоңойсун
08.02.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колдон келишинча канча акча болсодо жардам кылып койолук!Кайдагыны жазып созду кобойтпой!
08.02.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин,адамдын көзү таш жарат дейт,балким көз тийгендир,ошодуктан айрыкча жаштар жаш баланын сүрөтүн,видеосун соцсеттерге жүктөбөй эле койсоңор
08.02.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апаларга эмес! Куран менен каттуу дем салган адамга адып барыш керек.
08.02.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
К сожалению это неизлечимо
08.02.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вундеркинд болчу экен. Байкуш бала, көз тийип кетти го
08.02.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тенирим ден соолук берсин
08.02.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көз тийди окшойт.Аллах шыпаасын берсин.
08.02.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпаа берсин!!! оорубасын эч кимдин баласы
08.02.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаасын берсин!!!
08.02.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин иним да аутизм кантип айыктырабыз дарыгерлердин көзөмөлүндөбүз 10 го чыкты,3 жашынан баштап карап келе жатабыз Аллахтын кереметинен үмүт үзбөй моральдык жардамыныздарга муктажбыз жол көрсөтүнүздөрчү
09.02.2019. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Floweriza,Крда кайсыл жериндесиздер?Эмнелер менен алек болот ининиз же такыр сабак албадыбы?
08.02.2019. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенирибиз балага ден соолук гана берсин. Бир гана Тенирим ден соолуктан сактасын.
09.02.2019. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр менин окуучум кадимкидей мени менен суйлошуп олзу тынбайт.Ар бир суроомо жооп берет.Оюнду кадимки балдардай ойнойт.Ооо канчалык кучум кетти адам кылам деп.Буюрса 1 2 жылда башка балдардан бир аз айырмасы болушу мумкун,бирок аутизм деген ойго эч кии келбей калат.Азыр 7 жашта буюрса
09.02.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Feijipiao, сизде тажрыйба бар экен балким келип ата энелерге сабак өтүп үйрөөтөрсүз. АЛЛАХЫМ дарт берген соң шыпаасын кошо берсин.
10.02.2019. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
maralum93,эн чон тилегим ошол.Буюрса Кыргызстанга барганымда аутизм балдары бар энелерге колумдан келгенче жардам берем.Анан да бекер сабак отоюн,жашоого керектуу нерселерди уйротоюн деген оюм бар.Буюрса бул тилегим ишке ашсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: