super.kg logo

Өзгөндө өз кызын зордуктоого шектелген ата эки айга камалды

 

Өзгөндө өз кызын зордуктоого шектелген ата эки айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

Анын айтымында, шектүүнү камакка алуу чечимин 7-февралда Өзгөн райондук соту чыгарган. Соттун чечиминен кийин ал Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди.

Шектүү 20-январда кармалып, 2004-жылы туулган кызын зордуктаганын моюнуна алган. Учурда М.кызы М. кризистик борборго жайгаштырылган. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Анын 2006 жана 2008-жылы туулган эки иниси да мектеп интернатына берилди. Балдардын апасы 2013-жылы каза болгон. Атасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги, психикалык жактан жабыркап жүргөндүгү айтылып, экспертиза дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.02.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бычып эле салыш керек мындайларды. Кундон кунго зордуктоолор кобойуп жатат. Бизде да олум жазасын киргизиш керек, бекерден бекер багып отурбай.
09.02.2019. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда эмне апасы өлгөндөн кийин психалык жактан жабыркаган адамга балдарды ишенип таштап коюшкан.Эми оорулуу экенин билиштиби .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: