super.kg logo

Нурлан Калыбеков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

 
Жазуучулар союзунун төрагасы - Нурлан Калыбеков
Жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы - Акбар Рыскулов
Жазуучулар союзунун төрагалыгына талапкер - Тынчтыкбек Нурмамбетов

Бүгүн, 8-февралда Бишкекте Кыргыз жазуучулар союзунун жыйыны болду. Жыйында мурунку төрага Акбар Рыскулов кызматын тапшырып берип, Жазуучулар союзунун президиумунун мүчөлөрү тарабынан жаңы төрага шайланды.

Союздун жетекчилигине учурдагы төраганын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов жана мурдагы орун басар Нурлан Калыбеков талапкерлигин койду. Жалпы 44 шайлоочу катышкан жабык добуш берүүдө Нурмамбетов 19 добуш алып калса, Калыбеков 25 добуш менен жеңишке жетишти.

5 жылдык мөөнөткө шайланган жаңы төрагага Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов ийгилик каалап, кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошоруна ишенерин билдирди.

Өз кезегинде Нурлан Калыбеков ишеним көргөзгөнү үчүн акын-жазуучуларга ыраазычылыгын айтып, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаевдердей улуу инсандардан калган союздун келечеги үчүн болгон аракетин жумшоого убада берди.

Нурлан Калыбеков 1973-жылы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Аркыт айылында туулган.

1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана философия бөлүмүн аяктап, 2003-жылга чейин аталган университетте ага окутуучу болуп эмгектенген.

2009-2014-жылдары чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" коомдук бирикмесин жетектеген.

2011-2014-жылдары Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары болгон.

Кыргыз өлкөсүнүн Жолон Мамытов, Казакстандын Мукагали Макатаев, Габит Мусрепов, Орусиянын Сергей Есенин атындагы адабий сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери жана 90го жакын китептин автору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: