super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Аравандын Тепе-Коргон айылындагы көчөлөр оңолбой, баткакка баттык" дейт окурман

 

"Ош облусуна караштуу Араван районундагы Тепе-Коргон айылынын ички жолдору дегеле бир оңолбой койду. Балдар мектепке кетет да белчесинен баткак болуп келишет". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Мисалы, Ынтымак көчөсүнүн аягы көрүстөнгө барат. Өткөндө 95 жаштагы эне каза болуп, сөөк салынган унаа жолдон тыгылып, көрүстөнгө жетпей "өлгөндүн үстүнө көмгөн" болду. Айыл эли мүрзөгө жеткиче улам унааны түртүп чыгарып атып араң дегенде жетишти. Асфальттап бергиле деп деле талап кылып жаткан эч ким жок. Болгону бала-бакыра басканга ылайыктуу кылып шагыл төгүп коюшса жакшы болмок. Мектепке кеткен балдар үйгө белчесинен баткак болуп келишет. Айыл өкмөттөн түңүлүп, акимге чейин арыз жазганбыз. Жооп жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.02.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ой-баай, биз белчебизден баткак болуп эле чоңойгонбуз, туштук тараптын проблемасы бутпойт эч эле. Бишкекте деле баткакка малынып эле жашап келе жатабыз унчукпай эле. бир айылдын кочосуно айыл эли оздору эле шагыл тогуп алышпайбы дейм да проблема кылбай
11.02.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
karakozum,Деп сен ойлойсун кара пайым еле качанга чейин оздору шагал тогот.
Асмандагы айды алып берем деп соз берген депутаттарады чакыру керек
16.02.2019. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз эмне учун машинага жерге налог толойбуз ошо акчага жолдорду ондош керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: