super.kg logo

Минюра Рахимжанова: "Өзүмө-өзүм "шеф" болоюн деп музыкалык студиямды ачтым"

 
Минюра Рахимжанова агайы менен кызыл лента кесүү учурунда
"Вокалдан сабак алууну токтотпош керек", -дейт ырчы кыз.
Апасы менен
Дайыма жакшылыктар болсун деген ниетте, тортту өз колу менен кесип, конокторго таратты.
Келген коноктор ырчы кызга кезектешип каалоо-тилектерин айтып жатышты.

"Сен кат жаздың", "Закым" ырлары менен эл оозуна алынган эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова бүгүн, 11-февралда музыкалык студиясын ачты. Ырчы бул жакшылыгына SUPER.KG порталын дагы чакырган.

Рахимжанова көп жылдын бери вокалдан сабак берген агайы менен биргеликте студиясынын кызыл лентасын кести. Андан соң келген конокторду студиянын ичи менен тааныштырууга өттү. Узак убакыттан бери чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчыны кепке тартканга дагы үлгүрдүк.

"Кыргыз улуттук консерваториясын бүткөн соң чет жакка чыгып эл-жер көрүп келүү тилегим бар болчу. Алгач Америкага барам деп жүргөм, бирок кандайдыр бир себептерден улам ал жакка бара албай калдым. Андыктан Түштүк Сахалин аралына бардым. Ал жакта 4 кыздан түзүлгөн топто ырдап жүрдүм. Андан сырткары сабак берип, администратор болуп иштедим. Негизи мурунтан эле студия ачуу тилегим бар болчу. Бирөөнүн колунда эмес, өзүмө-өзүм "шеф" болуп, вокалдан сабак берип, тарбиялап, ыр жаздырып жардам берем деген максатым буюрса ишке ашты десем болот. Музыкалык студиянын оңдоп-түздөө иштерин Түштүк Сахалинден келгенден кийин эле жай айларында баштагам. Алгач студия башка жакта ачылмак, бирок ал жак туура келбей калып, сиздер көрүп турган студияны 1 ай ичинде даярдап бүттүк. Мында вокалдан өзүм сабак берем, андан сырткары, бий, комуздан сабак берчү кошумча мугалимдер бар. Мен өзүм азыркыга чейин вокалдан сабак алып келем. Андыктан өзүңдү өстүрүүнү эч качан токтотпоо керек", - дейт ал.

Ырчыны бул жакшылыгы менен куттуктап апасы, бир туугандары, окуучулары келип, улуулар батасын беришти. Ырчы сахнага "Сен кат жаздың" аттуу чыгармасы менен аттанган. Дал ушул ырын ал келген конокторго жандуу үн менен аткарып берди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.02.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушка чыкпады беле, продюсерине...
13.02.2019. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Berliane123454,жок ,турмушка чыга элек
12.02.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахалин аралы, административдик борбору Южно-Сахалинск шаары
12.02.2019. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу кыз экен,музыкалык билими бар.Кээ бир чыйылдак пиарчылардан тузук го дейм.Сайкалга окшош экен
12.02.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чырагым жок болуп кеттин эле го
12.02.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуту кыргызбы? Ким билет?
13.02.2019. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karaan,кыргыз го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: