Бишкекте темир жолдо музыка угуп бара жаткан 13 жаштагы кызды поезд сүзүп кетти
Бишкекте 13 жаштагы кызды поезд сүзүп кетти. Ал ошол убакта кулакчын менен музыка угуп бара жаткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 11-февралда саат 14:15 чамасында Лев Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Жүк ташыган поезд Бишкектен Токмокко кетип бара жаткан. Ал эми темир жолдо кулакчын тагынган кыз да басып бара жаткан. Машинист кызга карата белги берген, бирок ал уккан эмес. Жыйынтыгында поезд кызга тийип өтүп, кыз башынан жаракат алып калган. Учурда ал борбордогу 3-балдар ооруканасында жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Баса кулакчын дегенди биринчи угушум, наушник кулакчын болуп которулат экеннда э? Чын эле туура которулганбы же окшошиуруп койгонбу?