ТЕСТ: Сезимдердин падышасы - сүйүү тууралуу кызыктуу фактыларды билесизби?
Сезимдердин падышасы - бул сүйүү экени талашсыз. Махабатка кабылган адам ал сүйүү жооптуубу, жоопсузбу, баары бир адамдын жүрөгүндө уйгу-туйгу сезимди пайда кылып, жашоого өзгөчөлүк алып келет. Бүгүнкү сүйүшкөндөрдүн күнүн майрамдагандар да, маани бербегендер да бар. Кандай болгон күндө да, төмөндөгү тесттен өткөн соң, сүйүүгө же сүйүктүүңүзгө болгон көз караш жакшы жакка өзгөрүп, эгер көз карашыңыз түз болсо, анда көп нерсени билип аласыз деп ишенебиз.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Эреже боюнча нике шакеги кайсы колго тагылышы керек?
Эреже боюнча нике шакекти түгөйлөр сол колдун аты жогуна тагышат. Байыркы гректер дал ушул манжа аркылуу жүрөккө түз баруучу "amoris" - "сүйүү тамыры" аталышындагы тамыр өтөт деп ишендиришкен.
Кийинки суроо
Оң колдун аты жогуна
Сол колдун аты жогуна
Атайын эреже деле жок
Сүйүп калуудан коркуу фобиясы эмне деп аталат?
Сүйүп калуудан коркуу фобиясы филофобия деп аталат. Психологдордун айтымында, филофобия үй-бүлөсүндө чыр-чатак көп болуп, ата-эне баланын көзүнчө урушуп, кол көтөрүүгө чейин баргандан пайда болот. Ошондой эле ата-энеси ажырашканда, апасы же атасы балдарды таштап кеткенде пайда болушу мүмкүн. Ал эми чоң адамдарда сүйүүдөн запкы тарткандарда пайда болот.
Кийинки суроо
андрофобия
иофобия
филофобия
Сүйүүгө кабылган адамдын организминде "дофамин", башкача айтканда, ырахат алуу гормону көп көлөмдө иштелип чыгат. Бул гормон дагы кайсы учурда көп көлөмдө иштелип чыгат?
Окумуштуулар изилдегендей, сүйүүгө кабылган адамдын организминде "дофамин" - ырахат алуу гормону көп көлөмдө иштелип чыга баштайт. Ушундай эле көлөмдөгү ырахаттануу гормону адам баңги затын колдонгондо жана кумар оюнун ойногондо иштелип чыгары аныкталган.
Кийинки суроо
Баңги затын колдонуу, кумар ойноо
Кофе ичүү, курсак тойгузуу
Экстремалдуу оюндарды ойноо
Сүйүшкөн түгөйлөрдүн мамилесиндеги назиктик, жумшактык үчүн окситоцин гормону жооп берет. Бул гормон дагы кандай аталат?
Сүйүшкөн түгөйлөрдүн мамилесиндеги назиктик, жумшактык үчүн окситоцин гормону жооп берет. Бул гормондун окумуштуулар ата-эненин балага болгон сүйүүсү учурунда да көп иштелерин байкашкан. Ошол себептен ата-эненин сүйүүсү деп да атап коюшат.
Кийинки суроо
Жаныбарлардын сүйүүсү
Ата-эненин сүйүүсү
Достордун сүйүүсү
Сүйүүгө кабылган адамдын көкүрөгүндө кытыгылаган, кандайдыр бир жагымдуу сезим пайда болот. Бул сезимдин эл арасындагы аталышы кандай?
"Көкүрөктөгү (курсактагы) көпөлөктөр" - бул жөн эле ойлоп табылган нерсе эмес. Окумуштуулар изилдешкендей, сүйүүгө кабылган адамдын курсак тушундагы кытыгылаган жагымдуу сезим норадреналин гормонун чакырат. Бул гормон кадимки стресске каршы иштелип чыкчу гормон.
Кийинки суроо
Жаралуу жүрөк
Түбөлүк махабат
Курсактагы көпөлөктөр
Эркек эмнеси менен сүйөт?
Эркек адам сүйүүгө кабылганда мээсиндеги көздүн көрүүсү үчүн жооп берген бөлүгү активдүү иштеп баштайт. Окумуштуулар мындан улам "эркек көзү менен сүйөт", "эркек аялдын сырткы келбетине карап сүйөт" деген сөздөрдүн илимий аныктамасы бар дешет.
Кийинки суроо
Кулагы менен
Көзү менен
Ашказаны менен
Байыркы Грецияда сүйүүнүн символу катары эмнени белгилешкен?
Байыркы Грецияда алманы сүйүүнүн символу деп билишкен. Анткени бул жемиш бактан үзүлгөндөн кийин деле өзүнүн сулуу көрүнүшүн узак убакытка чейин сактап турат.
Кийинки суроо
Роза гүлү
Зайтун
Алма
Сүйүшкөндөрдүн кучакташуусу кайсы ооруга дары?
Сүйүүнүн гормону саналган окситоцин адамдын организминде дал кучакташуу учурунда иштелип чыгат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, бул гормон баш ооруну төмөндөтүп, айрымдарынын баш оорусун айыктырып да коюшу мүмкүн. Ошол себептен башыңыз ооруп чыкса дарыга чуркаардан мурун сүйүктүүңүз менен кучакташып коюңуз.
Кийинки суроо
Баш ооруну басат
Сөөктөрдүн оорусун
Жүрөк ооруну
Окумуштуулар изилдеп чыгышкан: Сүйүшкөн түгөйлөр кандай жанрдагы киного кирип чыккандан кийин бири-бирине мурдагыдан да жагымдуу көрүнүп калышат?
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына таянсак, адамга коркунуч жаралган учурда же кандайдыр бир коркунучтуу көрүнүштөн кийин түгөйлөр бири-бирине жагымдуу көрүнүп, жөнөкөй учурларга салыштырмалуу бири-бирине болгон сүйүүсү күчөй түшөт.
Кийинки суроо
Боевик жана мюзикл
Мелодрама
Коркунучтуу тасмалардан кийин
Адамдар жытына карап сүйүшүп калат деген чынбы?
Окумуштуулар адамдын жыты аны жактырып калууга чоң мүмкүнчүлүк берет деген жыйынтыкка келишкен. Тактап айтканда, адамдар жыт аркылуу да табышып, жактырып калуусу толук мүмкүн. Бул нерсе тестостерондун деңгээлинен көз каранды.
Кийинки суроо
Жок
Ооба
Атырына карап сүйүп калышы мүмкүн
"Кызматтык махабаттын" жаралышына себеп болгон жагдайды белгилеңиз.
Эмне үчүн бир жерде чогуу иштеген адамдардын ортосунда сүйүү мамилесинин пайда болуусу көп кездешет? Сурамжылоонун жана изилдөөнүн жыйынтыктарына караганда анын башкы себеби - бул жакындык, жакындашуу болуп саналат. Жакындык - байланышты жана комфортту, кам көрүүнү шарттайт. Мунун соңу көпчүлүк учурларда сүйүүгө алып барат.
Кийинки суроо
Бири-бирин жакшы билгендиктен
Кечке чогуу жүрө берип сүйүшүп калышат
Жакындык
Адам үй-бүлө курганга чейин орто эсеп менен канча жолу сүйүүгө кабылат?
Адам үйлөнгөнгө чейин орто эсеп менен 7 жолу сүйүүгө кабылат. Окумуштуулар изилдегендей, адам үй-бүлө куруу үчүн түгөйүн тапканга чейин башынан 10го жетпеген сүйүүнү өткөрүп, мунун негизинде түбөлүк жарына тийиштүү боло турчу сапаттардын моделин түзүп чыгат.
Кийинки суроо
7
12
5
Күнүгө эртең менен аялын өөп туруп жумушка жөнөгөн эркектин өмүрү канча жылга узарат билесизби?
Дарыгерлер эртең менен сүйүктүүсүн күнүгө өөп туруп үйдөн чыгып жүргөн эркектин өмүрү узунураак болорун айтышкан. Аялын каарып-кууруп, жагымдуу мамиле жасабастан, таң атпай уруш чыгарып алып жумушка жөнөгөн эркекке салыштырмалуу аялын күнүгө өөп, жакшы сөз арнап чыккан эркектин өмүрү орто эсеп менен 5 жылга узунураак болот дешет.
Кийинки суроо
10
3
5
Түгөйлөрдүн өбүшүүсү учурунда жүрөктүн согуусу канча эсеге ылдамдайт?
Бирин-бири сүйгөн түгөйлөрдүн өбүшүү учурунда эки жүрөк бир ритмде согорун окумуштуулар аныкташкан. Ошондой эле жүрөктөрдүн согуусу 3 эсеге ылдамдаары белгилүү болгон.
Кийинки суроо
2
3
6
Балалык сүйүүнү "тоок сүйүү" деп тамашалап коюшат. Төмөндөгү варианттардын кайсынысы буга далил боло алат?
Окумушуулар изилдегендей, адамдын өткөөл курактагы алгачкы сүйүүсү 1,5 айдан 4 айга чейин гана созулат. Мындан соң сезимдер өчүп калуусу оңой.
Кийинки суроо
Сүйүү сезими эмне экенин түшүнө албай жаткандыгы үчүн
Өткөөл курактагы бала бир учурда бир нече адамды сүйүүгө жөндөмдүү
Окумуштуулар изилдегендей, өткөөл курактагы сүйүү 1,5-4 айга чейин гана созулат
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Вообще 14-февраль гомосексуалисттердин куну. Себеби эркек баланы суйуп калып ошол учун жан берген Валентин. Жылдар отуп ошол куну ыйык Валентин куну деп аташып сыйынышып майрамдашкан. Биздикилер айланайын ат дарбыса эшек кошо дарбыйт боло беребиз. Башка куну деле суйуу тууралуу тестерди жазып чыгарсанар болот
ainura220888, Башкабы жэ албы? Адамзаттыкы. Ошол Сиз айткан адамзаттын кемтигин.Сиздей Эне торойт. Сиздин куйоонуздой эркек менен баш кошот. Бирок адамзат билбейт. Адамзаттын тагдырын Сиздейлер жасай албайт. Сындашат. Мен мындаймын, тиги андай. Адам болунуз!
Сүйүү жөнүндө эч нерсе билбейт экенмин да. Баштан өтпөсө ошо да....)))