super.kg logo

Жогорку Сот Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун боштондукка чыгарыларын тастыктады

 

Бүгүн, 12-февралда абактагы саясатчылардын маселеси боюнча өтүп жаткан жыйында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотулганын айткан.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалыматты четке кагып, аты аталган саясатчылар учурда абакта отурганын белгилеген.

Жогорку Соттун маалымат кызматы экс-акыйкатчынын маалыматын тастыктап, Кадыров менен Асановду абактан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

"Бүгүн, 12-февралда кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегия жаңы жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу соттолгондор Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун арызын карады.

2018-жылдын 7-июнундагы Жогорку Соттун чечими Кылмыш-жаза кодексинин 38-309-беренесине өзгөртүлдү. Соттук коллегия тарабынан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу соттолуучуларды абактан бошотуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Эрнест Карыбековдун качан камактан чыгары тууралуу азырынча маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: