super.kg logo

О! мобилдик оператору Ысык-Көл облусунда 4G сигналын күчөттү

 

О! мобилдик оператору – 4G түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандагы лидер.

Лидерликке жетүү – бул кадыр-баркка ээ болуу, бирок андан да маанилүүсү – ушул планканы кармап калуу. Компания билдиргендей, байланыш объектилеринин саны эселеп көбөйүп жатат, анын натыйжасы катары Ысык-Көл облусунда 4G түйүнүнүн сигналы жакшыртылды. Кышкы туристтик сезондун чок ортосунда Ысык-Көл облусунун 150 миңге жакын тургундары жана Ысык-Көл облусунун курортторунун жана конок үйлөрүнүн көп сандаган меймандары 4G түйүнүнүн ылдамдыгы менен сапатын баалай алышат. Караколдогу тоо лыжа базасы болсун, Жети-Өгүз жана Барскоон каньондору болсун, же Саруу капчыгайы болсун, бардык жерде байкалат. Ысык-Көлгө кышында барган кишилер эң алгач Түндүк Тянь-Шандын кооз табиятына суктануу үчүн барышат, анткени кышкы учур жайындагыдан да кызыктуу. Жолго чыгып баратып, www.o.kg сайтында жайгашкан О! түйүнүнүн камтуу картасына көңүлүңүздөрдү буруңуз.

"О! мобилдик оператору тарабынан 4G түйүнүн жакшыртууга басым жасалган техникалык жумуштар абоненттердин башкы талабын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатат. Алардын талабы – маалыматтарды өткөрүүнүн ылдамдыгын көбөйтүү жана түйүндүн туруктуу ишин камсыздоо болуп саналат. Мына азыр дагы өлкөбүздүн бир нече аймактарында жумуштар жүрүп жатат, кайсы аймактар экендигин – биз кийинки жумада жабдуулардын монтажы жана оңдоо иштери бүткөндө билдиребиз", - деп кабарлады О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Ошентип О! түйүнүнөн 4G сигналын ишенимдүү кабыл алуу аймагына Ысык-Көл облусунун төмөнкү шаарлар менен калктуу пункттары кирген:

Ак-Булуң, Ак-Булак, Токтогул, Бөрү-Баш, Черик, Тегизчил, Жаңы-Арык, Кереге-Таш, Нововознесеновка, Октябрь, Үч-Кайнар, Ак-Чий, Качыбек, Совет, Лесное, Челпек, Бурма-Суу, Таш-Кыя, Мундуз, Аң-Өстөн, Барскоон, Даркан, Ак-Терек, Жеңиш, Кичи-Жаргылчак, Жети-Өгүз, Ак-Кочкор, Чырак, Алкым, Конкино, Ырдык, Оргочор, Жалгыз-Өрүк, Саруу, Ысык-Көл, Тамга, Чет-Байсоорун, Григорьев пристаны, Корумду, Семёновка, Кожояр, Кош-Көл, Чырпыкты, Темир, Кашат, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Сары-Камыш, Өрнөк, Кара-Коо, Тогуз-Булак, Эшперов, Жер-Үй, Көк-Сай, Тоң, Төрт-Күл, Миң-Булак, Арал, Кош-Дөбө, Балбай, Күрмөнтү, Ак-Булуң, Беловодск, Тасма, Токтоян, Чоң-Тогуз-Бай, Бирлик, Жылуу-Булак.

О! мобилдик оператору – лидерден 4G кошуп ал!

4G LTEбул азыркы күндөгү мобилдик байланыш менен мобилдик интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бири болуп саналат. О! мобилдик оператору 2014-жылы Кыргызстандагы мобилдик операторлордун ичинен биринчилерден болуп 4G LTE стандартын киргизген. Бүгүнкү күнү жалпы Кыргызстандын тургундарынын 81 пайызы О! мобилдик операторунун байланыштын прогрессивдүү технологиясына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
13.02.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу о! Мобилдик оператору Сокулук районунун жаңы-жер айылында 4G аябай начар иштейт Айылга кире бериш тарапта такыр эле сивяз жок борбор калаадан болгону 25 км алыстыкта жайгашкан карап койгон киши жок Мегаком,Beeline түйүндөрүндө связ жакшы иштейт бирок эл көпчүлүгү О! Иштетет карап койгулачы садагаң кетейиндер сураныч
13.02.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumahmatov, саламатсызбы!

Сиз айтып кеткен райондо 4G базалык станциялар коюлган. Сиздин аймакта 4G туруктуу абалда иштеп жатат.

Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
13.02.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар ушинтип мактана беришет,интернети начар,бирде иштеп бирде иштебейт,же акырын чектеп койушабы билбейм, жакшы иштесе жакшы эле болмок бирок ишенич жоок!?
13.02.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baicho_0707, саламатсызбы.

Оюнунузга рахмат. Сиз кайсы жерде жашайсыз? Айта кетсек, бут олко боюнча байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече жуманын ичинде план боюнча 4G базалык станциялары орноштурулат. Жанылыктарыбызбы байкап турунуз.

Ал эми текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даяр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: