super.kg logo

Кулакчын менен үнү бийик музыка уккан миллиарддаган адамдар угуу жөндөмүн жоготуу коркунучунда

 

Дүйнө жүзүндө 12 жаштан 35 жашка чейинки 1 миллиарддан ашуун адам угуу жөндөмүн жоготуу коркунучунда. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун сайты маалымдаган.

Маалыматка ылайык, дал ушул курактагы адамдар кулакчын аркылуу үнүн бийик коюп алып музыка уккандыктан угуу жолдоруна доо кетет деп жазылат.

"Жаш муундардын угуу жөндөмүнө өздөрүнүн зыян келтирип жаткандыгына жол бербешибиз керек. Азыр алар укпай калса, аны өз ордуна келтирүү мүмкүн эмес. Бул боюнча биздин адистерде жетишерлик билим бар. Андыктан бул көрүнүштү алдын алса болот", - дейт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дарыгери Тедрос.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Эл аралык электр байланыш союзу тарабынан 3-март - Угуу жөндөмүн коргоонун эл аралык күнүнө карата кулакчын чыгарган жана аны колдонгондорго бир катар кеңештерин жазып чыгарган.

Аталган уюмдун маалыматында, дүйнөдө угуу жөндөмүнөн жабыр тарткан 466 миллиондон ашуун адам бар. Алардын көпчүлүгү кирешеси аз, улуу муундагы адамдар. 2050-жылдары дүйнөдө ар бир 10-адамда угуу боюнча маселе жаралары айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.02.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура бирок, үнүн бийик көтөрбөсө уккандай болбойсуң да,ошого көнүп калгам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: