Саясатчы Адахан Мадумаров: "Бизде мыйзамдуулук менен чечим кабыл алынбайт, керектүүлүгүнө жараша кабыл алынат"
12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Ал саясий өңүттө камалгандарга токтоосуз түрдө мунапыс жарыялоо керек деген пикирин айтты.
"Бул иштин эки жагын кароо керек. Мыйзамдуулук боюнча Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун амнистиясы боюнча маселени караганда жаза өтөө мөөнөтү бүткөн болушу керек. Ал эми Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү узагыраак. Кыргыз өлкөсүндө мыйзамдуулук менен же кандайдыр бир талап, тартиптердин натыйжасында чечим кабыл алынбайт, бизде керектүүлүгүнө жараша чечимдер кабыл алынат. Дайыма эле мыйзамдуулук карала бербейт. Менин жеке көз карашымды билесиңер. Президенттик шайлоо бүтөрү менен айткам. Кыргыз мамлекетиндеги ар тараптуу саясий көз караштагы азаматтардын бардыгын бир билек, бир тилекке алып келүү керек. Ал үчүн саясий өңүттө камалгандарга токтоосуз түрдө мунапыс жарыялоо керек деген талабымды айтып келе жатам.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
6

