Чемпиондор Лигасы: 14-февралга караган түнү "Аякс" - "Реал Мадрид" жана "Тоттенхем" - "Боруссия Дортмунд" беттештери орун алат
13-февралдан 14-февралга караган түнү футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын беттештери уланат. Бул күнү жарым чейрек финалдын алкагында "Аякс" - "Реал Мадрид" жана "Тоттенхем" - "Боруссия Дортмунд" беттештери орун алат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат. Бул командалардын жооптук беттештери 6-мартка караган түнү орун алат.
Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычы 13-февралга караган түнү башталып, италиялык "Рома" португалиялык "Портуну" 2:1 эсебинде утса, "Манчестер Юнайтед" ПСЖдан 0:2 эсебинде жеңилип калган.
Мелдештин жарым чейрек финалында дагы төмөнкү беттештер өтөт:
"Шальке" - "Манчестер Сити";
"Атлетико Мадрид" - "Ювентус";
"Лион" - "Барселона";
"Бавария" - "Ливерпуль".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Тотонхэм- Б.Дортмут 0-2
Ийгилик кооз ойун кутобуз