super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет"

 

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдин эски жабдыктарынын 90 пайызын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөөгө 50 миллион доллар сарптаса болот эле. "2013-жылы шашылыш, кыска мөөнөттө ЖЭБ модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу тууралуу келишим түзүүдө экономикалык жана техникалык эсептер алдын ала кылдат, терең изилденген эмес. Бул кылмыштын артында тургандар аны ачык айтпастан кылмыш ишин жашырып, өз иштерин эрдик катары көрсөтүүдө. Алар авария Бишкек ЖЭБинин эски бөлүгүндө болду деп актанып жатышат. Бул билдирүүнү курулай популизм дегенден башка кандай бааласа болот? Модернизация туура, сапаттуу жасалган болсо ошол жылдагы кыштай эмес, түндүк аймактардагыдай суук болсо да эч нерсе болбойт эле. Экономика жагын карасак, карызга алынган 386 миллион доллардын эффективдүү пайдаланышы маселе болуп турат. Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн электр энергиянын өз наркы 2 сом 90 тыйын, сатуу наркы 70 тыйын. Карыздан кутулуу үчүн электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек болот. Бул жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет", - дейт ал.






Башкы прокурор Бишкек ЖЭБинин айланасындагы кылмыш иштери тууралуу маалымат берди

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: