super.kg logo

Чолпон-Атада 12 жаштагы кызды зордуктаган айыпталуучунун жазасын облустук сот жеңилдетти

 

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми бул ишти кайра карап чыккан Ысык-Көл облустук соту айыпталуучуну 14 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG'ге облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук сот 31-январда 12 жашар өспүрүм кызды зордуктаган С.У.нун ишин карап чыккан. Соттук коллегия соттолуучунун жашын, мурда сот жообуна тартылбагандыгын, күнөөсүн моюнуна алганын жеңилдетүүчү жагдай катары эсептеди. Сот С.У.га карата белгиленген жазасын төмөндөтүү мүмкүн деген чечимге келип, аны 14 жылга эркинен ажыратты.

26-мартта 12 жаштагы Ж.Ж. аттуу кыздын апасы кызын белгисиз адам зордуктап койгондугун айтып укук коргоо органдарына кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну С.У. аттуу адам кармалган. Ага карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл РИИБинин абагына киргизилген. Ысык-Көл райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.02.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1жыл отуп бошоткула...бул не деген беймааничилик...жазаны женилдетуунун себеби кандай
15.02.2019. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
juka82,Ал статья менен турмого тушкон адамга Бир ай жетет.
15.02.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликте отургандар капкаяктагы тукурукко штрафты ойлоп тапкандын ордуна. Ушуга окшош адам кейпиндеги айбандарга олум жазасын киргизсе болмок. Акча эле керек бул бийликтегилерге! Карапайым калк гана кыйналат. Бул айбанды дагы 2 жылдан кийин журум туруму жакшы деп абактан кое берет. Чыгып дагы бир оспурумдун жашоосуна тозок берет. Эгер олум жазасын киргизе алышпаса элге салып берсин таш баранга алып быч
15.02.2019. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuri_260913, Бычып салышат башка арам ой оюна да келбей турган кылып ит десе 53 жашында кылган иши ушу болсо ужа
17.02.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии-кыйратыптыр. Биротоло штраф деп 5000 сом менен чыгарып жибербептир. Биздин мыйзамга вообще ишениш жок. Кыздын тагдыры менен эч кимдин иши жок.Тиги зөөкүр 14 жылдан кийин 67 жашка чышып дагы жаш кызды самап калат,анан дагы башка кыздын тагдыры талкаланат. Эшек бир тепсеген жерин,миң тепсейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: