super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кенжебек Бокоев: "Башкы прокурордун электр энергиянын баасын көтөрүү тууралуу айтканы боюнча өкмөткө кайрылдык"

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.

Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.

Суроого жооп берген Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөттөн ал сунушту колдобой турганын билдиришкенин айтты.

"Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ушундай сунуш айтылган. Биз да бул боюнча өкмөткө суроо узаттык. Өкмөт "жок, андай сунуш кылган жокпуз" деген жооп кайтарышты. Мамлекеттин каражаттарын төлөөнү тариф аркылуу чечпейбиз, тарифтер көтөрүлбөйт. Мындайча айтканда, бул сунушту колдобой турганын маалымдашты. Бул эми өкмөттүн жообу", - деди Бокоев.

Эксперт Расул Умбеталиев, депутаттар Махабат Мавлянова, Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикирлери бул топтомдо.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: