super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аида Исмаилова ЖЭБди жаңылоого кеткен каражаттан кутулуу боюнча: "Адегенде энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу керек"

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.

Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаиловаэнергетика тармагындагы коррупцияны жоймоюнча андагы абалдын өзгөрүүсү мүмкүн эмес деген пикирде.

"Эң негизгиси электр энергиясы тармагынын саясатын жүргүзүү - бул өкмөттүн жумушу. Өкмөттүн жообуна таянсам, бул саясатты бекитүү жазында башталат. Бишкек ЖЭБге алынган насыя электр энергиянын баасына зыянын тийгизбейт деп үмүттөнөм. Анткени бул элдин арасында нааразычылыкты пайда кылат.
ЖЭБден башка дагы 2019-2020-жылдары энергетика тармагындагы насыяны төлөө убагы келет. Биринчи кезекте биз карапайым элдин камын ойлошубуз керек. Мен социалдык тариф жөнүндө көп жолу өкмөткө суроо узаткам. Социалдык тариф элге калыш керек, анын лимитин кышында 2000 килоВатт кылышыбыз зарыл.
Ошол эле учурда энергетика тармагындагы коррупциялык иштерди жоюу зарыл. "Энергетикалык холдингдин" чыгымдары тарифтин баасында каралган. Ошонун негизинде өкмөт "Энергетикалык холдинг" ишканасын жоюп, Энергетика министрлигин ачканы турат. Бул эч нерсени өзгөртпөйт, дагы эле коррупцияны калтырат. Мамлекеттик активдер холдингдин, акционердик коомдун колунда болот, жаңы министрликтин карамагында болбойт. Бул иш туура эмес", - дейт Исмаилова.
Эксперт Расул Умбеталиев, депутаттар Кенжебек Бокоев, Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикирлери бул топтомдо.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: