super.kg logo

Чопо чоор, комуз жана гитаранын коштоосундагы жандуу ырлар. Джонни жеке концертинде эки саат тынымы жок обон созду

 
Джонни "Күттүм, ай" деген ыры менен элге таанылган.
Концертке ырчынын апасы да келди
Акын Акбар Кубанычбеков ыр окуп берди
"Күттүм, ай" ырын видеого тартып гана тим болбостон ордунан тура калып бийлеп жатышты.
Пианинодо
Ар бир ырын жандуу үн менен ырдап жатты.
Комуз чертип элдик ырларды аткарууда.
Коштоп ырдагандар.
Саксофончулар.
Жоннинин бир тууган агасы менен карындашы. 14-февраль экөөнүн тең туулган күнү экен.
Чопо чоор менен
Жоннинин ырын сүйгөн күйөрмандары.
Абир Касенов менен дуэт ырдап жатат.
Зал өтө чоң болбогону менен бош орундуктар болгон жок.

Бир жыл мурун гана "Күттүм, ай" деген ыры менен Кыргыз сахнасына баш багып, ошол ыры менен элге таанылган ырчы Джонни 14-февралда Бишкекте алгачкы жеке концертин өткөрдү. Жоннинин чакыруу баракчасында чакырылган ырчы достору менен бирге 20 ыр ырдалары жазылганы менен 2 саат аралыгында дээрлик өзү гана ырдап турду. Албетте, айрым учурда ырчылар Сайкал Садыбакасова, Абир Касенов сыяктуу сахналаш достору менен дуэт аткарды.

Джонни кечеде ар бир ырды жандуу үн менен ырдап гана тим болбостон чопо чоор үйлөп, комуз, гитара чертип, пианинодо кол ойноткону көпчүлүктү кубантты. Мындан улам ар бир ыры аткарылган сайын өзгөчө кол чабуулар болуп жатты. Анан да элдин суранычына да орун берип Кыргыздын жана чет элдик белгилүү ырларды аткарып бергени өзгөчөлүктү жаратты.

Ырчы концерт башталганга чейин айткан сөзүнө караганда тушоо кесүү концертин өткөрүүгө дээрлик жарым жыл даярданган. Концерт өтө жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүктөн улам келген эл Джонни сахнадан өзү басып кетмейинче күтүп турду.






Джоннинин концертинде “Күттүм айды” эл ырдады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
15.02.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Эл мактасын Эл алкасын озунду Элден алыстатпа омурлуу болсун
15.02.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча жакшы.Элибиз фонограммадан тажап,жандуу унго суусап калган чагы экен.Орконун оссун!
15.02.2019. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодес,Джонни...
Кыргыз экен го,ийгилик каалайм!!!
15.02.2019. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каетте болду концерт
15.02.2019. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец! Жонокой эле семьядан чыккан жигит экен! Иниси айыгып кетсин !
SUPER.KG видео
16.02.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооонун кадимкидей эс алып калдым 10 минутанын ичинде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: