Бишкекте 12 килограммадан ашык баңгизаты менен Тажикстандын жараны кармалды
ИИМдин баңгизатынын
мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери
20-июлда ири өлчөмдөгү баңгизатын алып жүргөн Тажикстандын жаранын кармады. Маалым
болгондой, Бишкектеги Бөкөнбаев-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде баштыкка
салынган 12 килограмм 815 грамм гашиш табылган. Алдын ала алынган
маалыматтарга ылайык, баасы 18-20 миң долларды түзгөн баңгизаты Кыргызстандан
Казакстанга жана Орусияга жеткирилмек экен. Ал эми кылмышка шектүү тажик
улутундагы 20 жаштагы жаран Кыргызстанга 3 жашар баласы менен келген. Учурда
бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга
камалып, бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандар изделүүдө.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mayoral

24.07.2013. 11:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Шумдукго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.