super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы саясий партиялар тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча маалыматты жабык түрдө укмай болду

 

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы саясий партиялар тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча маалымат угууда. Бирок жыйын башталар алдында залдан журналисттердин чыгышын өтүнүштү.

Белгилүү болгондой, журналисттердин жыйынга катышуусуна изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча презентация көрсөтө турган Улуттук демократиялык институтунун өкүлдөрү каршы болушкан.

КСДПнын фракция лидери Иса Өмүркулов журналисттерге жыйын жабык өтө турганын жыйынга келгенде билгенин айтты.

"Мен бул тууралуу жаңы билдим. Жыйын жабык өтсүн деп NDI (Улуттук демократиялык институт) сураныптыр", - деди Өмүркулов.

Иш-чарага "Эл пикир" коомдук пикирди иликтөө борбору бирикмесинин директору Акжол Жороев, Улуттук демократиялык институтунун парламенттик программасынын координатору Нурланбек Абдалиев чакырылганы маалым. Жыйында изилдөөнүн жыйынтыгынан сырткары ар түрдүү маселелер да каралмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: