super.kg logo
  Саясат  

Акимдер алмашат. Өкмөттүк жыйында 6 райондун акимин кызматтан алуу айтылды

 

Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 6 райондун акимдери ээлеген кызматтарынан бошотулат. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында бүгүн, 15-февралда айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, Чүй облусундагы Москва районунун акими Азамат Эсенбеков жана Кемин районунун башчысы Жумгалбек Дүйшөбаев ээлеген кызматтарынан бошотулат.

Мындай чечимдерге өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов макул эместигин билдирип: "Биз менен макулдашыш керек болчу. Алардын айрымдары өздөрү арыздарын көтөрүп келишиптир", - деди.

Мындан тышкары жыйында Ак-Суу, Тоң, Токтогул, Аксы райондорунун акимдерин да кызматтан алуу сунушталып, Базар-Коргон, Ноокен, Жети-Өгүз, Өзгөн, Ленин райондорунун администрация жетекчилери сөгүш алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: