super.kg logo

Прокурор УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун абактан чыгуусуна каршы болду

 

Ленин райондук сотунда Мурат Суталиновду абактан чыгаруу иши каралууда. Аны абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы түрткү болууда.

Ишти карап жаткан судья ишти териштирип чыккан соң тараптарга сөз берди. Суталиновдун жактоочусу анын рак илдети күндөн күнгө өрчүп баратканын айтты. Ошондой эле комиссия корутундусу буга негиз болуп бере аларын жана ал жаза өтөгөн мекеменин макулдугу бар экенин кошумчалап, Суталиновду абактан чыгарууну суранды.

Ал эми залда отурган прокурор, Суталинов дагы төрт жылдан ашуун убакыт жаза мөөнөтү бар экенин жана өзүнө карата чыгарылган жаза мөөнөттүн үчтөн эки бөлүгүн өтөй электигин айтып абактан бошотууга каршы чыкты. Учурда сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркаарын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.02.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чыгарыш керек.куралдар арттан атышкан
15.02.2019. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tolkun555,козун артында жайгашканго ээ? Ак уйдун устунон атылганын корбосон
15.02.2019. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арыктап кетиптир чындап ооруп жатат окшойт
15.02.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ооруса чыгарсын да сопсоо кишини деле кызыл килем салып ущатып койдунар эле го. Бул кишинин ооруганы корунуп эле турбайбы. Эки кундук омуру калыптыр деп Батукаевди жон эле чыгарып дибердинер го.
15.02.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул атса,буйрукту Ким Берген ошону камагыла!Ооруп жатыптыр.Кечээ эле бироолорду камап жургон,эми озу камалып,кызык дуйно
15.02.2019. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жазасын деле отоду го,ооруп атса чыгарып коюшса болмок. Жалко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: