super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров: "Жаңы кодекстер ишке киргенден кийин бир топ кемчиликтер чыгып жатат"

 

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жооп берди.

Ал мектептердин алдындагы ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым бойдон калуу керек экенин айтты.

"Жаңы кодекстер кабыл алынгандан кийин бир топ кемчиликтер чыгып жатат. Ошого ылайык, өкмөт тарабынан өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым деген чек болушу керек. 60 чакырым ылдамдыкка чейин айдоого уруксат берилип калган болсо, бул өзгөртүлүшү керек. Ошондой эле жол эрежелери орнотулушу зарыл", - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Айнуру Алтыбаева, Марлен Маматалиев, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров, Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакуновдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: