super.kg logo

Режиссёр Айбек Дайырбеков Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп дайындалды

 

"Дарак ыры" тасмасына режиссёрлук кылган Айбек Дайырбеков Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп дайындалды. Режиссёр төрагалык орунга талапкерлигин өзү койбогондугун SUPER.KG порталына айтып буларга токтолду.

"Бул жооптуу иш. Менин талапкерлигимди жаш кинематографисттер сунуштап, жалпы Союздун мүчөлөрү жаштардын демилгесин колдоп, мени төрага кылып дайындады. Мага ишенич артышты. Көп күч, эмгек талап кылган иш алдыда. Эми мага берилген ишеничти актаганга аракет кылам", - дейт ал.

Кинематографисттер союзунун төрагалык кызматына Марат Сарулу, Айбек Дайырбеков жана Болот Алимбаевдин талапкерлиги каралган. Кийин Болот Алимбаев талапкерлигин кайра алып койгон.

Союздун 305 мүчөсү бар. Төраганы дайындоого алардын 148и катышкан.

Кинорежиссёр жана сценарист Айбек Дайырбеков 39 жашта. Ал "Ак Илбирс" кинопремиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Республикалык "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалын жана кинолагеринин негиздөөчүсү. Анын "Дарак ыры" толук метраждуу фильми бир катар эл аралык абройлуу кинофестивалдарда Кыргыз мамлекетинин намысын татыктуу коргоп келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: